# 67-берене. Буюм далилдерин талап кылуунун жана берүүнүн тартиби

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 67-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-67

---

1. Сот алдында далил катары кандайдыр бир буюмду ишке катышкан же катышпаган жактардан талап кылууга өтүнмө берген жак бул буюмду кеңири сыпаттап жазууга жана аны алууга тоскоолдук кылып жаткан себептерин жана буюм тиешелүү адамда же уюмда деп эсептеп жаткан негиздерин көрсөтүүгө тийиш.

2. Жарандардан же уюмдардан сот тарабынан талап кылынууга буюм далилдери түздөн-түз сотко жеткирилет.

3. Сот буюм далилдерин талап кылуу тууралуу өтүнмө берген жакка ал далилди кийин сотко берүү үчүн алууга укук берген аныктаманы бере алат.

---

Мурунку берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-66)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-68)
