# 65-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдерди чогултуу тартиби

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 65-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-65

---

1. Сот алдында ишке катышкан же катышпаган жактардан жазуу жүзүндөгү далилдерди талап кылуу тууралуу өтүнмө берген жак, ал далилдерди белгилөөсү, аны өз алдынча алууга тоскоолдук кылып жаткан себептерди жана далилдер тиешелүү адамда же уюмда деп эсептеп жаткан негиздерин көрсөтүшү керек.

2. Сот тарабынан жарандардан жана уюмдардан талап кылынып жаткан жазуу жүзүндөгү далилдер түздөн-түз сотко жиберилет.

3. Сот жазуу жүзүндөгү далилди талап кылуу тууралуу өтүнмө берген жакка ал далилди кийин сотко алып келүү үчүн аны алууга укук берген аныктама бере алат.

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-64)  
Кийинки берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-66)
