# 64-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдер

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 64-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-64

---

1. Актылар, документтер, келишимдер, маалымкаттар, ишкер кат жазышуу, жеке мүнөздөгү каттар, иш үчүн мааниси бар жагдайлар жөнүндө маалыматтарды камтыган башка документтер жана материалдар, анын ичинде факсимилдик, электрондук же башка байланыш, же болбосо алардын ишенимдүүлүгүн аныктоого мүмкүндүк берүүчү башкача ыкма менен алынган документтер, материалдар жазуу жүзүндөгү далилдер болуп саналат.

2. Жазуу жүзүндөгү далилдер түп нускада же талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмө түрүндө берилет. Эгерде каралып жаткан ишке документтин бир гана бөлүгүнүн тиешеси болсо, андан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө берилет. Түп нускадагы документтер мыйзамдарга же башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштин жагдайы мына ушундай гана документтер менен ырасталууга тийиш болгондо, ошондой эле башка зарыл учурларда соттун талабы боюнча берилет.

3. Ишке катышкан жак тарабынан сотко көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү далилдердин көчүрмөлөрү ишке катышкан, андай көчүрмөлөрү болбогон башка катышуучуларга жиберилет (тапшырылат).

4. Чет мамлекетте алынган документ, эгерде ал белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостирленген болсо, сотто жазуу жүзүндөгү далил катары таанылат.

Чет өлкөлүк расмий документтер Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурларда, сотто алар легалдаштырбастан же апостирленбестен жазуу жүзүндөгү далилдер катары таанылат.

---

Мурунку берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-63)  
Кийинки берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-65)
