# 63-берене. Күбөнүн милдеттери, жоопкерчилиги жана укуктары

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 63-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-63

---

1. Күбө катары чакырылган адам сотко келүүгө жана өзүнө белгилүү жагдайлар тууралуу чын көрсөтмө берүүгө милдеттүү. Күбө соттун жана административдик процесстин катышуучуларынын суроолоруна жооп берүүгө милдеттүү.

Эгерде күбө оорусунан, карылыгынан, майыптыгынан же башка жүйөлүү себептерден улам соттун чакыруусу боюнча келе албаса, ал өзү турган жерде сот тарабынан суралышы мүмкүн.

2. Билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергени жана көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тартканы үчүн күбө мыйзамга ылайык жазык жоопкерчилигин тартат.

3. Күбө соттун чакыруусу боюнча жүйөсүз себепсиз келбей калган учурда, сот ушул Кодекстин 96, 97-беренелеринде каралган тартипте жана өлчөмдө процесстик мажбурлоо чараларын көрө алат.

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-64)
