# 60-берене. Административдик процесстин катышуучуларынын түшүндүрмөлөрү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 60-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-60

---

1. Талаптары же каршы пикирлери негизделген фактылар жөнүндө маалыматтарды камтыган административдик процесстин катышуучуларынын түшүндүрмөлөрү, эгерде алар башка текшерилген же бааланган далилдер менен ырасталса, далилдер катары таанылат.

Эгерде башка тарап далилди өзүндө кармап турса жана соттун талабы боюнча көрсөтпөй жатса, сот бир тараптын билдирген түшүндүрмөлөрүнүн негизинде иш үчүн мааниси бар жагдайларды аныкталды деп эсептей алат.

2. Эгерде административдик процесстин бир катышуучусу административдик процесстин башка катышуучусунун өзүнүн талаптарын же каршы пикирлерин негиздеген фактыны мойнуна алса, эгерде сотто таануу алдоонун, зомбулуктун, коркутуунун же адаштыруунун таасири алдында же чындыкты жашыруу максатында болгонунан шектенүүлөр пайда болбосо, сот мындай фактыны далилденген деп тааный алат. Фактыны таануу соттук жыйналыштын протоколуна киргизилет жана фактыны тааныган тарап кол коет. Эгерде таануу жазуу жүзүндөгү арызда баяндалса, ал ишке тиркелет.

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-61)
