# 6-берене. Административдик сот өндүрүшү жүзөгө ашырылган тил

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 6-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-6

---

1. Административдик иштер боюнча сот өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.

2. Сот өндүрүшү жүргүзүлгөн тилди билбеген адамга иштин бардык материалдары менен таанышууга, түшүндүрмө, көрсөтмө жана корутунду берүүгө, эне тилинде сүйлөөгө жана өтүнмө берүүгө, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген тартипте котормочунун (сурдокотормочунун) кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалануу укугу түшүндүрүлөт жана камсыз кылынат.

3. Сот актылары ишке катышкан адамдарга мамлекеттик же расмий тилде тапшырылат.

4. Административдик процесстин катышуучулары чет тилдеги документтерди белгиленген тартипте мамлекеттик же расмий тилдеги күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен берет.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-7)
