# 59-берене. Соттук тапшырмалар

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 59-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-59

---

1. Эгерде ишти карап жаткан соттун башка шаарда же райондо турган далилдерди чогултууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, ал тиешелүү сотко айрым процесстик иш-аракеттерди аткарууну тапшырат.

2. Соттук тапшырма жөнүндө аныктамада каралып жаткан иштин маңызы кыскача баяндалат жана аныкталууга жаткан жагдайлар жана тапшырманы аткаруучу сот тарабынан чогултула турган далилдер көрсөтүлөт. Бул аныктама даректелген сот үчүн милдеттүү жана сот аны соттук тапшырманы алган күндөн тартып он беш күндүк мөөнөттө аткарат.

3. Соттук тапшырмаларды аткаруу соттук жыйналышта ушул Кодексте белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Административдик процесстин катышуучулары жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат. Бул жактардын келбей калышы тапшырманы аткарууга тоскоолдук боло албайт.

4. Тапшырмаларды аткарууда чогултулган протоколдор жана иштин башка материалдары ишти карап жаткан сотко үч күндүк мөөнөттө жиберилет.

---

Мурунку берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-58)  
Кийинки берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-60)
