# 57-берене. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндө арыз

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 57-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-57

---

1. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндө арыз далилдерди камсыз кылуу боюнча процесстик аракеттер ишинин аймагында жасалууга тийиш болгон сотко берилет. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндө арызда камсыз кылынууга тийиш болгон далил, ырастоо үчүн бул далилдер зарыл болгон кырдаалдар, камсыз кылуу жөнүндө өтүнмө менен кайрылууга арыз ээсин түрткөн себептер, ошондой эле ал үчүн камсыз кылынуучу далилдер зарыл болгон иш көрсөтүлүүгө тийиш.

2. Далилдерди камсыз кылуудан баш тартуу жөнүндө аныктамага жеке даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-58)
