# 54-берене. Далилдөөдөн бошотуунун негиздери

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 54-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-54

---

1. Сот тарабынан жалпыга белгилүү деп таанылган факт далилдөөгө муктаж эмес.

2. Соттун күчүнө кирген чечиминин резолюциялык бөлүгүндө белгиленген фактыны административдик ишти кароодо кайрадан далилдөө талап кылынбайт.

Соттун күчүнө кирген чечиминин жүйөлөштүрүлгөн бөлүгүндө белгиленген фактыны процесстин жүрүшүндө мурдагы эле катышуучулар катышкан административдик ишти кароодо кайрадан далилдөө талап кылынбайт.

3. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүн сот административдик ишти кароодо белгилүү бир иш-аракеттерди жана аларды жасаган жактарды аныктаган фактылар боюнча гана аткарууга милдеттүү.

4. Сот аларды далилдөө зарыл деп эсептеген учурду кошпогондо, каршы тарап талашпаган фактылар, далилдөөгө муктаж эмес.

5. Мыйзам менен белгиленген деп эсептелген факт, ишти кароодо далилдөөгө муктаж эмес.

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-55)
