# 51-берене. Далилдөө милдети

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 51-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-51

---

1. Сотто даттанылып жаткан актынын, аракеттин (аракетсиздиктин) мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн далилдөө милдети ушундай актыны кабыл алган же ушундай аракетке (аракетсиздикке) жол берген жоопкерге жүктөлөт.

Жоопкер административдик актыны кабыл алууга себепчи болгон негиздерге гана таяна алат. Доогер өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык далилдерди чогултууга катышат.

2. Айрым аракеттерди жасоого жоопкерди милдеттендирүү жөнүндө талап боюнча ушундай аракетти жасоону зарыл кылган иш жүзүндөгү шарттардын бар экендигин далилдөө милдети арыз ээсине жүктөлөт.

Эгерде жоопкер ушундай аракеттерди жасоону жокко чыгарган иш жүзүндөгү шарттардын бар экенине таянса, мындай шарттарды далилдөө боюнча милдет жоопкерге жүктөлөт.

3. Жоопкер өзү таянган кырдаалдарды өзүнүн каршы пикирлеринин негиздемеси катары далилдөөгө тийиш.

4. Эгерде административдик процесстин катышуучулары берген далилдер жетишсиз болуп саналса, сот аларды өз демилгеси боюнча чогултат.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-52)
