# 5-берене. Коргоо үчүн сотко кайрылуу укугу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 5-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-5

---

1. Кандай болбосун кызыкдар адам өзүнүн бузулган же талаш туудуруп жаткан укуктарын, эркиндиктерин же мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу.

2. Сотко кайрылуу укугунан баш тартуу жараксыз.

3. Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

4. Эгерде мыйзамдарда административдик актыларга, административдик органдардын аракеттерине (аракетсиздигине) сотко чейинки даттануу тартиби белгиленсе, анда мындай актыларды соттук талашуу ушул тартип сакталгандан кийин гана мүмкүн.

5. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк адамдар, жарандыгы жок адамдар жана чет өлкөлүк юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары сыяктуу эле соттук коргоо укугуна ээ.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-6)
