# 48-берене. Котормочу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 48-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-48

---

1. Которуу үчүн зарыл тилдерди билген, билимдерге ээ болгон жана ушул Кодексте каралган учурларда сот тарабынан дайындалган адам котормочу болуп саналат.

2. Котормочу процесстин катышуучулары тарабынан сунуш кылынгандардын ичинен дайындалышы мүмкүн. Процесстин башка катышуучулары, алар которуу үчүн зарыл тилдерди билишсе да, котормочунун милдетин өздөрүнө алууга укуксуз.

3. Котормочу соттун чакыруусу боюнча келүүгө жана которууну толук, туура жана өз убагында жүзөгө ашырууга милдеттүү.

4. Билип туруп туура эмес которгон учурда котормочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигин тартат.

5. Бул берененин эрежелери дудуктун же дүлөйдүн (сурдокотормочунун) белгилерин түшүнгөн жана ишти териштирүүгө катышууга чакырылган адамга жайылтылат.

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-49)
