# 47-берене. Адистин укуктары жана милдеттери

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 47-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-47

---

1. Адис өзүнүн сотко чакырылышынын максатын билүүгө; эгерде ал тиешелүү билимдерге жана көндүмдөргө ээ болбосо, административдик процесске катышуудан баш тартууга; соттун уруксаты менен ишке катышкан адамдарга суроо берүүгө; эгерде бул анын кызматтык милдеттерине кирбесе, аткарган иши үчүн акы алууга; сотко чакыруу менен байланышкан чыгымдарына компенсация алууга укуктуу.

2. Адис соттун чакыруусу боюнча келүүгө; ишти териштирүүгө катышууга; илим, техника, көркөм өнөр же кол өнөрчүлүк жаатындагы билимдерине жана көндүмдөрүнө таянуу менен өз пикирин айтууга; сот койгон суроолорго жооп берүүгө; оозеки жана жазуу жүзүндөгү консультацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө; далилдердин мүнөздүү жагдайларына же өзгөчөлүктөрүнө соттун көңүлүн бурууга; зарыл болгон учурда сотко техникалык жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-48)
