# 43-берене. Башка жактардын укуктарын, мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн сотко кайрылуу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 43-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-43

---

1. Мыйзамда каралган учурларда мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка органдар, жарандар жана юридикалык жактар башка жактардын же чөйрөсү аныкталбаган жактардын өтүнмөсү боюнча алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн доо менен сотко кайрыла алат.

2. Башка жактардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн доо койгон жактар, жарашуу макулдашуусун түзүүдөн тышкары, доогердин бардык процесстик укуктарынан пайдаланышат жана бардык процесстик милдеттерин аткарышат. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар доодон баш тарткан учурда, ушул Кодекстин 42-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган процесстик кесепеттер келип чыгат.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-44)
