# 41-берене. Жарашуу макулдашуусуна жол берилиши

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 41-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-41

---

1. Эгерде тараптар талаш-тартыштын жүйөсү боюнча чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу болушкан учурда, административдик процесстин кандай болбосун баскычында, алар талаш-тартышты толук же жарым-жартылай чечүү максатында жарашуу макулдашуусун түзө алат.

2. Эгерде бул иш-аракеттер мыйзамга карама-каршы келсе же башка жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузса, сот тараптардын жарашуу макулдашуусун бекитпейт.

3. Жарашуу макулдашуусун бекитүү тууралуу сот аныктама кабыл алат, анда анын шарттары чагылдырылат. Жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө аныктама даттанылышы мүмкүн.

4. Тараптардын бири жагынан жарашуунун шарттары аткарылбаган учурда, сот башка тараптын арызы боюнча административдик процесстин токтотулган баскычынан тартып иш боюнча өндүрүштү кайра жандандырат. Иш боюнча өндүрүштү жандандыруу жөнүндө маселе боюнча аныктама чыгарылат. Иш боюнча өндүрүштү жандандыруудан баш тартуу тууралуу аныктамага тараптар даттануусу мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-42)
