# 39-берене. Доодон баш тартуу жана доону таануу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 39-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-39

---

1. Доогер административдик сот өндүрүшүнүн кандай болбосун баскычында доодон толук же кайсы бир бөлүгүнөн баш тарта алат, ал эми жоопкер - доону толук же кайсы бир бөлүгүн тааный алат.

2. Сот доодон баш тартууну кабыл алуу жөнүндө аныктама кабыл алып, ушуну менен иш боюнча өндүрүштү токтотот. Доогер доодон жарым-жартылай баш тарткан учурда сот аныктама кабыл алып, анда доо талаптарынын ошол бөлүгүнө карата иш боюнча өндүрүштү токтотот.

3. Эгерде доогердин же жоопкердин бул иш-аракеттери мыйзамга карама-каршы келсе же болбосо башка жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын бузса, сот доодон баш тартууну, доону таанууну кабыл албайт жана административдик ишти кароону улантат.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-40)
