# 37-берене. Процесстик укуктук жолун жолдоочулук

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 37-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-37

---

1. Талаш-тартыш же чечим менен белгиленген укуктук мамилелерден доогер же үчүнчү жак чыгып калган учурларда (жарандын өлүмү, юридикалык жактын өзгөртүп түзүлүшү, талапты бирөөгө берүү, карызды которуу жана материалдык укуктук мамилелердеги жактар алмашкан башка учурлар) сот бул тарапты анын укугун улантуучу менен алмаштырууга жол берет. Укук улантуучулук процесстин кандай болбосун баскычында болушу мүмкүн.

2. Жоопкер укуктук мамиледен укукту улантуу себебинен улам чыгып калган учурда сот жоопкерди анын укугун улантуучу менен алмаштырат.

3. Эгерде административдик ишти кароо мезгилинде административдик иште тарап болуп саналган административдик орган өзгөртүп түзүлгөн учурда, сот бул тарапты анын укугун улантуучу менен алмаштырат. Эгерде мамлекеттик же башка ачык-айкын ыйгарым укуктарга ээ болгон кайсы бир орган же уюм жоюлган учурда, сот ал тарапты сот карап жаткан талаш-тартыш мамилелердин чөйрөсүндө жалпы укуктук мамилелерге катышуу компетенциясына кирген же доогердин бузулган укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо компетенциясына кирген орган же уюм менен алмаштырат.

4. Эгерде административдик ишти кароо мезгилинин административдик иштеги тарап болуп саналган кызмат адамы иштеген (ээлеп турган) тиешелүү кызмат ордунан бошотулган учурда, сот бул тарапты административдик иш каралып жаткан учурга ушул кызматты ээлеп турган башка адам менен, же сот карап жаткан талаш-тартыш укуктук мамилелердин чөйрөсү сыяктуу эле компетенциясына коомдук укуктук мамилелерге катышуу кирген, же болбосо доогердин бузулган укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо компетенциясына кирген башка кызмат адамы же тиешелүү орган менен алмаштырат.

5. Укук улантуучу процесске киришкенге чейин жасалган бардык иш-аракеттер укук улантуучу ордун баскан жак милдеттүү болгон өлчөмдө ал үчүн милдеттүү.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-38)
