# 36-берене. Административдик процесстин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 36-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-36

---

1. Процесстин катышуучулары төмөнкүлөргө укуктуу:

1) иштин материалдары менен таанышууга, алардан көчүрмө алууга, көчүрмөсүн сүрөткө тартып алууга;

2) четтетүү билдирүүгө;

3) далилдерди келтирүүгө жана аларды иликтөөгө катышууга;

4) процесстин башка катышуучуларына, күбөлөргө, эксперттерге жана адистерге суроолорду берүүгө;

5) өтүнмө билдирүүгө, сотко оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

6) соттук процесстин жүрүшүндө пайда болгон бардык маселелер боюнча өз жүйөлөрүн келтирүүгө;

7) процесстин башка катышуучуларынын өтүнмөлөрүнө жана жүйөлөрүнө каршы пикирин айтууга;

8) сот актыларына даттанууга;

9) өздөрүнө ушул Кодекс тарабынан берилген башка процесстик укуктардан пайдаланууга.

2. Процесстин катышуучулары өздөрүнө таандык бардык процесстик укуктардан ак ниет пайдаланууга жана өздөрүнүн процесстик милдеттерин аткарууга милдеттүү. Процесстик милдеттер аткарылбаганда, ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган кесепеттер келип чыгат.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-37)
