# 35-берене. Ишке бир нече доогердин жана жоопкердин катышуусу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 35-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-35

---

1. Доону бир нече доогер биргелешип же бир нече жоопкерге карата коюлушу мүмкүн. Доогерлердин же жоопкерлердин ар бири процессте башка тарапка карата өз алдынча чыгат. Биргелешип катышуучулар сотто алардын баарынын атынан алардын ичинен бири же бир нечеси, же болбосо алардын бир же бир нече өкүлү чыгышы тууралуу макулдаша алат. Макулдашуу өкүлдү тастыктоо үчүн белгиленген тартипте жол-жоболоштурулат.

2. Мыйзамда каралган учурларда сот өз демилгеси боюнча биргелешкен жоопкерлерди же биргелешкен доогерлерди ишке катышуу үчүн тартууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-36)
