# 34-берене. Административдик процесстик аракетке жөндөмдүүлүк

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 34-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-34

---

1. Өз иш-аракеттери менен өзүнүн процесстик укуктарын жүзөгө ашыруу, сотто өзүнүн процесстик милдеттерин аткаруу жана өз иштерин жүргүзүүнү өкүлүнө тапшыруу жөндөмдүүлүгү (административдик процесстик аракетке жөндөмдүүлүк) толук көлөмдө жашы жеткен, башкача айтканда он сегиз жашка чыккан жарандарга жана юридикалык жактарга таандык.

2. Он сегизге чыкканга чейин никеге турууга мыйзам тарабынан жол берилген учурда, - никеге турган убактан тартып, ошондой эле ал мыйзамда белгиленген тартипте толук аракетке жөндөмдүү деп (эмансипация) жарыяланган учурда, жашы жете элек адам өзүнүн процесстик укуктарын жана процесстик милдеттерин сотто жеке өзү жүзөгө ашыра алат.

3. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы жашы жете электердин, ошондой эле аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган жарандын укуктары, эркиндиктери жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктары сотто алардын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энелери, асырап алуучулары же камкорчулары, көмөкчүлөрү, тарбиялоочу, дарылоочу мекемелердин администрациялары, калкты социалдык тейлөө уюмдары же башка ушундай мекемелер) тарабынан корголот, бирок сот мындай иштерге жашы жете электердин же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган жарандын өздөрүн катышууга тартууга укуктуу.

4. Мыйзамда белгиленген учурларда административдик укук мамилелеринен келип чыккан иштер боюнча укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын жашы жете электин сотто жеке өзү коргоого укугу бар. Бирок сот мындай иштерге жашы жете электердин мыйзамдуу өкүлдөрүн катышууга тартууга укуктуу.

5. Он төрт жашка чыга элек жашы жете электин, ошондой эле психикасы бузулгандан улам аракетке жөндөмсүз деп таанылган жарандын укуктары, эркиндиктери жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктары сотто алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан корголот.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-35)
