# 32-берене. Үчүнчү жактар

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 32-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-32

---

1. Укуктары ишти кароонун натыйжасында кабыл алынуучу сот актысында козголуп жаткан же козголушу мүмкүн болгон жеке же юридикалык жактар үчүнчү жактар болуп саналат.

2. Үчүнчү жактар биринчи инстанциядагы сотто ишти кароону аяктоочу сот актысы кабыл алынганга чейин, доогердин же жоопкердин тарабында, эгерде бул сот актысы тараптардын бирине карата алардын укуктарына же милдеттерине таасир этиши мүмкүн болсо, өз демилгеси боюнча ишке киришүүгө укуктуу. Үчүнчү жактар ошондой эле процесстин катышуучуларынын өтүнмөсү боюнча же соттун демилгеси боюнча ишке катышууга тартылышы мүмкүн.

3. Доонун негизин же жүйөсүн өзгөртүүгө, доодон баш тартууга, доону таанууга же жарашуу келишимин түзүүгө, кайчы доо коюуга укукту кошпогондо, үчүнчү жактар процесстик укуктардан пайдаланышат жана тараптардын биринин процесстик милдеттерин тартышат.

4. Үчүнчү жакты ишке катышууга тартуу жөнүндө же андан баш тартуу жөнүндө сот аныктама чыгарат.

Эгерде сот актысы белгилүү бир жактарга сөзсүз же түздөн-түз жайылтылса, анда сот бул жактарды үчүнчү жак катары процесске катышууга тартууга милдеттүү.

5. Эгерде үчүнчү жак соттук териштирүү башталгандан кийин ишке катышууга тартылса, анда соттук териштирүү кайра башынан башталат.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-33)
