# 31-берене. Өкүлдүн ыйгарым укуктары

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=53984..57353>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 31-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-31

---

1. Өкүлгө сотто ишти алып баруу ыйгарым укугу өкүл дайындоочунун атынан бардык процесстик иш-аракеттерди жасоого укук берет.

2. Мыйзамдуу өкүлдөрдөн тышкары, өкүлдүн доого же доого каршы пикирге, камсыз кылуучу чаралар тууралуу арызга кол коюу укугу, кайтадан ачылган жагдайлар жана жаңы жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароо жөнүндө арыздарга кол коюу, билдирилген талаптардан толук же жарым-жартылай баш тартуу, доону таануу, арыздын жүйөсүн жана негизин өзгөртүү, жарашуу макулдашуусун түзүү, ыйгарым укуктарды башка адамга берүү (кайра ишеним), сот актысына даттануу, даттануулардан баш тартуу же сунуштамаларды чакырып алуу, аткаруу документин аткарууга көрсөтүү укуктары өкүл дайындаган тарап берген ишеним катта атайын эскертилүүгө тийиш.

Эгерде өкүл юридикалык өкүл болуп саналса, ишеним катта юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык өкүлдүн статусун тастыктоочу Юридикалык өкүлдөрдүн реестринде катталган номери жана датасы көрсөтүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-32)
