# 30-берене. Сотто өкүл боло албай турган адамдар

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=53984..57353>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 30-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-30

---

1. Процессте тиешелүү уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлү катары же мыйзамдуу өкүлдөр катары катышкан учурлардан тышкары, судьялар, тергөөчүлөр, прокурорлор жана бийликтин өкүлчүлүктүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын депутаттары сотто өкүл боло албайт.

2. Юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө тапшырманы адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарда жана юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген эрежелерди бузуу менен кабыл алган адвокаттар жана юридикалык өкүлдөр сотто өкүл боло алышпайт.

3. Эгерде тиешелүү иш боюнча кызыкчылыктары өкүл дайындоочунун кызыкчылыктарына карама-каршы келген жактарга юридикалык жардам көрсөтүп жаткан болсо же мурда жардам көрсөтсө, же ишке судья, прокурор, эксперт, адис, котормочу, күбө катары катышса, ошондой эле эгерде ал ишти кароого катышып жаткан кызмат адамынын үй-бүлө мүчөсү же жакын тууганы болуп саналса, ал адам өкүл боло албайт.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-31)
