# 276-берене. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө соттун аныктамасы

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-276>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-276.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 276-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-276

---

1. Сот кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды (сунуштаманы) карап чыгып, арызды (сунуштаманы) канааттандырат жана сот актысын жокко чыгарат, же болбосо кайра кароодон баш тартат.

2. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды (сунуштаманы) канааттандыруу тууралуу же болбосо канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордун аныктамаларына ушул Кодекстин 24-главасында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

3. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды (сунуштаманы) канааттандыруу тууралуу же болбосо канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясынын аныктамасы даттанылбайт.

4. Сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз (сунуштама) канааттандырылган учурда иш сот тарабынан ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча жалпы негиздерде каралат.

---

Мурунку берене: [275-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-275)  
Кийинки берене: [277-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-277)
