# 274-берене. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча арызды (сунуштаманы) кайтарып берүүгө негиздер

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-274>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-274.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 274-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-274

---

Сот арызды (сунуштаманы) төмөнкүдөй учурларда кайтарып берет, эгерде:

1) арыздын (сунуштаманын) мазмуну ушул Кодекстин 272-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келбесе;

2) арызга (сунуштамага) процесстин катышуучуларына арыздын (сунуштаманын) жана тиркелген документтердин көчүрмөлөрү жиберилгенин тастыктаган далилдер тиркелбесе;

3) арыз (сунуштама) ушул Кодекстин 271-беренесинде белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин берилсе жана өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө камтылбаса;

4) арыз (сунуштама) процесстин катышуучусу тарабынан берилбесе;

5) арызга (сунуштамага) кол коюлбаса же ага кол коюуга укугу жок адам тарабынан, же болбосо кызматтык абалы көрсөтүлбөгөн адам тарабынан кол коюлса;

6) арызды (сунуштаманы) берген адамдан аны чакырып алуу тууралуу арыз (сунуштама) келип түшсө.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [273-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-273)  
Кийинки берене: [275-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-275)
