# 273-берене. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө арыз (сунуштама) берүү үчүн мөөнөттү эсептөө

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112561)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-273>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-273.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 273-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-273

---

Арыз берүү үчүн мөөнөт төмөнкүдөй учурларда эсептелет:

1) ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ болгон документ табылган күндөн тартып, ушул Кодекстин 268-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурларда;

2) жазык иши боюнча соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып, ушул Кодекстин 268-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларда;

3) талаш-тартыш болуп жаткан сот актысын чыгарууга негиз болгон соттун, же болбосо административдик органдын актысы жокко чыгарылган сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып, ушул Кодекстин 268-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган учурларда;

4) ушул Кодекстин 269-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурларда, сот актысы негизделген мыйзамда жана (же) башка ченемдик укуктук актыны конституциялык эмес деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечими расмий жарыяланган күндөн тартып;

5) кайра каралып жаткан сот актысы негизделген соттун же болбосо административдик органдын актысына өзүнүн мазмуну боюнча карама-каршы келген соттун же административдик органдын актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып, ушул Кодекстин 269-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурларда;

6) ушул Кодекстин 269-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурларда, Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан каралган конкреттүү иштер боюнча Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдин негизинде түзүлгөн эл аралык органдын (соттун) чечими мыйзамдуу күчүнө кирген (кабыл алынган) күндөн тартып;

7) ушул Кодекстин 269-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган учурларда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун токтому расмий жарыяланган күндөн тартып.

(КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [272-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-272)  
Кийинки берене: [274-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-274)
