# 272-берене. Кайтадан ачылган жагдайларды же жаңы жагдайларды кайра кароо жөнүндө арызга (сунуштамага) карата талаптар

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=37931..41977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-272>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-272.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 272-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-272

---

1. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз (сунуштама) төмөнкүлөрдү камтышы керек:

1) кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого жатуучу сот актысын так көрсөтүүнү;

2) арыз (сунуштама) берүү үчүн ушул Кодекстин 268 жана 269-беренелеринде көрсөтүлгөн негиздерди көрсөтүүнү;

3) арыз (сунуштама) берүү мөөнөтүнүн сакталгандыгы жөнүндө маалыматты;

4) жагдайларды кайтадан ачылган же жаңы деп таануу, сот актысын жокко чыгаруу жана ишти кайра кароо өтүнүчүн.

2. Арызга (сунуштамага) ал негизделген документтердин түп нускалары же болбосо талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет.

3. Арыздануучу өзүнүн арызынын (сунуштамасынын) көчүрмөсүн жана ага тиркелген документтерди процесстин катышуучуларына жиберүүгө милдеттүү.

4. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо арызы (сунуштама) ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун колдонуу менен санариптик формада берилиши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [271-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-271)  
Кийинки берене: [273-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-273)
