# 269-берене. Жаңы жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112561)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-269>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-269.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 269-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-269

---

1. Жаңы жагдайлар - бул мыйзамдуу күчүнө кирген, талаш-тартыш болуп жаткан сот актысы кабыл алынгандан кийин келип чыккан жагдайлар.

2. Жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:

1) эгерде кайра кароого башка тоскоолдуктар болбосо, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан талаш-тартыш болуп жаткан сот актысы негизделген мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келбегендигин таануу;

2) талаш-тартыш болуп жаткан сот актысын алып чыгууга негиз болгон соттун же болбосо башка административдик органдын актысын жокко чыгаруу;

3) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, эл аралык келишимдин негизинде түзүлгөн эл аралык органдын (соттун) Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан каралган конкреттүү иштер боюнча чечими. Мындан административдик процесс кайра жаңыдан башталууга тийиш экендиги келип чыгат;

4) соттун конкреттүү иш боюнча чечим кабыл алуусуна негиз болгон укук ченемдерин колдонуу практикасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун токтому.

(КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [268-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-268)  
Кийинки берене: [270-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-270)
