# 268-берене. Кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566); 12.07.2022 [Закон КР от 12 июля 2022 года № 64 "О внесении изменений в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112395)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-268>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-268.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 268-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-268

---

1. Кайтадан ачылган жагдайлар - мыйзамдуу күчүнө кирген талаш-тартыш болуп жаткан сот актысын кабыл алуу учурунда болгон, арыздануучуга белгисиз же белгилүү болуусу мүмкүн эмес жагдайлар.

Караңыз: КР ЖС Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 17-мартындагы чечими

2. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ, талашылып жаткан соттук актыны кабыл алуу учурунда арыздануучуга жана (же) сотко белгисиз болгон же белгилүү болушу мүмкүн болбогон жагдай;

2) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен белгиленген, мыйзамсыз же негизсиз сот актысынын токтом кылынышына алып келген, күбөнүн же адистин билип туруп берген жалган көрсөтмөсү, эксперттин билип туруп берген жалган корутундусу, билип туруп жасаган туура эмес котормо, документтердин же болбосо буюмдай далилдердин жасалмалыгы;

3) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталган, адамдын жасаган кылмыштуу жосундарынын натыйжасында кабыл алынган мыйзамсыз же негизсиз сот актысы;

4) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 12-июлундагы № 64, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [267-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-267)  
Кийинки берене: [269-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-269)
