# 264-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун актыларынын мазмуну

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265026..1265027>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-264>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-264.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 264-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-264

---

1. Кассациялык инстанциядагы соттун актылары киришүү, сыпаттоо, жүйөлөштүрүү жана резолюциялык бөлүктөрдөн турат.

Ишти өндүрүшкө кабыл алуу жана аны соттук териштирүүгө карата дайындоо жөнүндө соттун аныктамасы киришүү жана резолюциялык бөлүктөрдөн гана турат.

2. Киришүү бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) сот актысын кабыл алган соттун аталышы жана курамы;

2) сот актысы кабыл алынган датасы жана орду;

3) кассациялык даттанууну (сунуштаманы) берген адам жана ага кошулган адамдар, ошондой эле процесстин башка катышуучулары;

4) кассациялык даттануу (сунуштама) берилген сот актысы.

3. Сыпаттоо бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) ишти биринчи жана апелляциялык инстанцияларда караган соттун аталышы, сот актысынын чыгарылган датасы жана орду, ишти караган судьялардын курамы; биринчи жана апелляциялык инстанциялардын актысынын маңызынын кыскача баяндалышы;

2) кассациялык даттануунун (сунуштаманын) далилдери;

3) кассациялык даттанууга (сунуштамага) каршы пикирлер;

4) кассациялык инстанциядагы соттук жыйналышка катышкан адамдардын түшүндүрмөлөрү.

4. Жүйөлөштүрүү бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) процесстин катышуучулары шилтеме кылган мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды колдонуунун негизсиз экендигинин жүйөлөрү, ошондой эле сот актысын кабыл алууга негиз болгон мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар;

2) сот актысын жокко чыгарууда же өзгөртүүдө - сот биринчи жана (же) апелляциялык инстанциялардагы соттун тыянактары менен макул болбогон жүйөлөр;

3) эгерде иш жаңыдан кароого берилсе, тараптар жана/же сот тарабынан аткарууга тийиш болгон аракеттер.

5. Резолюциялык бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун натыйжалары боюнча тыянактар;

2) мамлекеттик алым кошулган соттук чыгымдарды тараптардын ортосунда бөлүштүрүү.

6. Биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордун актылары ушул соттордун актыларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча күчүндө калтырылган учурда, кассациялык инстанциядагы сот өзүнүн чечимин жүйөлөштүрүүгө милдеттүү эмес. Мында кассациялык инстанциядагы сот даттанылган сот актыларын туура, мыйзамдуу жана негизделген деп эсептей тургандыгын көрсөтөт.

7. Ушул Кодекстин 178 жана 179-беренелерине ылайык кассациялык инстанциядагы сот туура эмес жазууларды жана даана арифметикалык каталарды оңдоо жөнүндө, сот актысын түшүндүрүү тууралуу маселени кароого укуктуу.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [263-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-263)  
Кийинки берене: [265-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-265)
