# 261-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун ыйгарым укуктары

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-261>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-261.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 261-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-261

---

1. Кассациялык инстанциядагы сот кассациялык даттануу (сунуштама) боюнча ишти карап чыгып, төмөнкүлөргө укуктуу:

1) биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордун актыларын күчүндө калтырууга;

2) иш боюнча чыгарылган сот актыларынын бирин күчүндө калтырууга;

3) биринчи жана (же) апелляциялык инстанциялардагы соттордун актыларын толугу менен же бөлүгүндө өзгөртүүгө;

4) биринчи же апелляциялык инстанциялардагы соттордун актыларын толугу менен же бөлүгүндө жокко чыгарууга жана эгерде материалдык укуктун ченемдерин колдонууда катачылык кетирилсе, ишти жаңыдан кароого бербестен, жаңы чечим кабыл алууга;

5) биринчи жана (же) апелляциялык инстанциялардагы соттун актысын толугу менен же болбосо бөлүгүндө жокко чыгарууга жана ишти жаңыдан кароого жөнөтүүгө;

6) эгерде кассациялык даттануу (сунуштама) кассациялык инстанциядагы сотко кайрылууга укугу жок жак тарабынан берилсе, кассациялык даттанууну (сунуштаманы) маңызы боюнча карап чыкпастан калтырууга;

7) ушул Кодекстин 186 жана 188-беренелеринде көрсөтүлгөн негиздер боюнча биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордун актыларын толугу менен же бөлүгүндө жокко чыгарууга жана иш боюнча өндүрүштү токтотууга же доону кароосуз калтырууга.

2. Ишти жаңыдан кароого жиберүүдө кассациялык инстанциядагы сот ишти башка курамда кароонун зарылдыгын көрсөтө алат.

---

Мурунку берене: [260-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-260)  
Кийинки берене: [262-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-262)
