# 259-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун тартиби

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-259>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-259.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 259-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-259

---

1. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароо ушул главада каралган алып салуулар жана толуктоолор менен, ушул Кодекстин 24-главасынын эрежелери боюнча жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда иштер соттун үч судьядан турган курамы менен каралат.

3. Кассациялык инстанциядагы сотто ишти кароодо, эгерде сот тарабынан башкача тартип аныкталбаса, иш боюнча баяндама менен судья-баяндамачы, андан кийин даттанууну (сунуштаманы) берген адам жана процесстин башка катышуучулары сүйлөйт. Сот андан кийин соттук актыны кабыл алуу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө чыгып кетет.

4. Кеңешүүчү бөлмөсүнөн чыккандан кийин сот кабыл алынган соттук актыны жарыялайт.

Сот кабыл алынган соттук актынын резолюциялык бөлүгүн жарыя кылууга укуктуу. Мында жүйөлөнгөн соттук акты аны жарыя кылуу күнүнөн тартып он беш күндүн ичинде жазуу жүзүндө түзүлөт жана процесстин катышуучуларына аны тапшыруу жөнүндө билдирүү менен тапшырык кат менен жиберилет (тапшырылат).

5. Ишти кароо күнү, убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланган процесстин катышуучуларынын кассациялык инстанциядагы соттук жыйналышка келбегени ишти териштирүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [258-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-258)  
Кийинки берене: [260-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-260)
