# 258-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кабыл алуунун тартиби

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-258>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-258.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 258-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-258

---

1. Иш кассациялык инстанциядагы сотко келип түшкөндө, иш судья-баяндамачыга өткөрүп берилет.

2. Кассациялык даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 254-беренесинде каралган негиздер болбогондо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өндүрүшүнө кабыл алынат.

Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кабыл алуу жана ишти соттук териштирүүгө карата дайындоо жөнүндө аныктаманы кассациялык инстанциядагы сот иш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна келип түшкөн күндөн тартып, жети күндөн кеч эмес мөөнөттө чыгарат. Кассациялык даттануунун (сунуштаманын) процесстин катышуучуларына жиберилгендигинин далилдери болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту ишти кайтарбастан, процесстин катышуучуларына ишти кассациялык инстанциядагы сотто угуунун датасы, убактысы жана орду жөнүндө кабарлоо менен бирге, даттануунун (сунуштаманын) жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн жиберет.

3. Процесстин катышуучулары жана кассациялык даттануу (сунуштама) менен кайрылган адамдар иштин материалдары, кассациялык даттануу (сунуштама) менен таанышууга жана өздөрүнүн каршы пикирлерин келтирүүгө укуктуу.

4. Процесстин катышуучуларына ишти кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарлоо ушул Кодекстин 10-главасында белгиленген эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [257-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-257)  
Кийинки берене: [259-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-259)
