# 256-берене. Кассациялык инстанциядагы сотто доогердин доодон баш тартуусу жана тараптардын жарашуу макулдашуусу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-256>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-256.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 256-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-256

---

1. Кассациялык даттануу (сунуштама) берилгенден кийин жасалган доогердин доодон баш тартуусу же тараптардын жарашуу макулдашуусу тууралуу арыз ушул Кодекстин 39 жана 41-беренелерине ылайык берилет. Доогердин доодон баш тартуусу кабыл алынганга же жарашуу макулдашуусу бекитилгенге чейин сот доогерге же тараптарга алардын процесстик аракеттеринин кесепеттерин түшүндүрөт.

2. Доогердин доодон баш тартуусу кабыл алынганда же тараптардын жарашуу макулдашуусу бекитилгенде, кассациялык инстанция иш боюнча чыгарылган сот актыларын жокко чыгарат жана иш боюнча өндүрүштү токтотот.

---

Мурунку берене: [255-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-255)  
Кийинки берене: [257-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-257)
