# 255-берене. Кассациялык даттануудан (сунуштамадан) баш тартуу же кассациялык сунуштаманы чакыртып алуу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-255>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-255.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 255-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-255

---

1. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) берген адам сот актысы чыгарылганга чейин андан баш тартууга укуктуу.

2. Прокурор кассациялык сунуштаманы сот актысы чыгарылганга чейин чакыртып алууга укуктуу.

3. Даттануудан баш тартуу же сунуштаманы чакыртып алуу сот тарабынан кабыл алынат, эгерде кабыл алуу процесстин катышуучуларынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын бузбаса.

4. Кассациялык даттануудан (сунуштамадан) баш тартууда же кассациялык сунуштаманы чакыртып алууда, кассациялык инстанциядагы сот ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган даттануудан (сунуштамадан) баш тартуунун же сунуштаманы чакыртып алуунун кесепеттерин түшүндүрөт жана иш боюнча кассациялык өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама чыгарат.

5. Кассациялык даттануудан (сунуштамадан) баш тартуу же кассациялык сунуштаманы чакыртып алган учурда, эгерде сот башка адамдын кассациялык даттануусуна (сунуштамасына) байланыштуу өндүрүштү токтото албаса, анда баш тартуу же чакыртып алуу билдирилген кассациялык даттануу (сунуштама) боюнча өндүрүштү токтоткон аныктама чыгарылат. Бул учурда кассациялык өндүрүш башка даттануу (сунуштама) боюнча улантылат.

6. Кассациялык даттануудан (сунуштамадан) баш тарткан же кассациялык сунуштама чакыртылып алган учурда, сот актысына кассациялык тартипте ошол эле адам тарабынан кайталап даттанууга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [254-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-254)  
Кийинки берене: [256-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-256)
