# 254-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кайтарып берүү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-254>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-254.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 254-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-254

---

1. Кассациялык даттануу (сунуштама) кассациялык инстанциядагы сот тарабынан, даттанууну (сунуштаманы) берген адамга төмөнкүдөй учурларда кайтарып берилет, эгерде:

1) даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 249-беренесинин 3-бөлүгүн бузуу менен берилсе;

2) даттануу (сунуштама) кассациялык даттанууга белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин берилсе жана өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчтү камтыбаса;

3) даттанууда (сунуштамада) материалдык укук ченемдеринин туура эмес колдонулушу же болбосо процесстик укуктун олуттуу бузулушу эмнеде экендиги боюнча көрсөтмөлөр камтылбаса;

4) даттануу апелляциялык инстанциядагы соттун кароосунун предмети болбогон соттук актыга берилсе;

5) даттанууга мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далилдери тиркелбесе;

6) кассациялык даттануу (сунуштама) кассациялык инстанциядагы сотко кайрылууга укугу болбогон жак тарабынан берилсе.

7) кассациялык даттануу (сунуштама) биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордун мурда кассациялык инстанциядагы сот тарабынан каралган соттук актыларга берилсе.

Эгерде сот тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер бар экендиги аныкталса, кассациялык даттануу ал өндүрүшкө кабыл алынгандан кийин даттанууну (сунуштаманы) берген жакка кайтарылып берилет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар четтетилгенден кийин, кассациялык даттанууну (сунуштаманы) берген адам ушул Кодексте белгиленген мөөнөттүн чектеринде кайрадан даттануу (сунуштама) менен кайрылууга укуктуу.

3. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кайтарып берүү жөнүндө аныктама иш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна келип түшкөн күндөн тартып жети күндөн кеч эмес мөөнөттө кассациялык инстанциядагы сот тарабынан чыгарылат жана даттанууга (сунуштамага) тиркелген бардык документтер менен кассациялык даттанууну (сунуштаманы) берген адамга тапшырылат же жөнөтүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [253-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-253)  
Кийинки берене: [255-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-255)
