# 25-берене. Четтетүү тууралуу билдирүүнү канааттандыруунун кесепеттери

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265026..1265027>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 25-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-25

---

1. Административдик сотто административдик ишти карап жаткан судьядан четтетилген учурда, бул иш ошол эле сотто башка судья тарабынан каралат. Эгерде иш каралап жаткан сотто судьяны алмаштыруу мүмкүн эмес болсо, иш Кыргыз Республикасынын Жогорку соту аркылуу башка административдик сотко өткөрүп берилет.

2. Ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, экинчи инстанциядагы сотто кароодо судьялар четтетилген учурда, иш ошол эле сотто, бирок судьялардын башка курамында каралат.

3. Эгерде четтетүүлөрдү канааттандыруунун натыйжасында же ушул Кодекстин 20-беренесинде көрсөтүлгөн себептер боюнча экинчи инстанциядагы сотто ушул ишти кароо үчүн ошол эле сотто соттун жаңы курамын түзүү мүмкүн болбосо, иш Кыргыз Республикасынын Жогорку соту аркылуу ошол эле деңгээлдеги башка сотко өткөрүп берилүүгө тийиш.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-26)
