# 248-берене. Кассациялык даттанууларды (сунуштамаларды) берүүнүн мөөнөттөрү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-248>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-248.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 248-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-248

---

1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, кассациялык даттануу (сунуштама), апелляциялык инстанциядагы сот актысы чыгарылган күндөн тартып үч айдын ичинде берилиши мүмкүн.

2. Талаштын маңызы боюнча эмес кабыл алынган апелляциялык инстанциянын сот актысына даттанылган учурда, кассациялык даттануу бир айлык мөөнөттө берилет.

Иш боюнча өндүрүштү токтотуу, доону кароосуз калтыруу жөнүндө соттун аныктамасына кассациялык даттануу ал кабыл алынган күндөн тартып үч айдын ичинде берилет.

3. Кассациялык даттануу (сунуштама) берүүнүн өткөрүлүп жиберилген мөөнөтү, ушул Кодекстин 103-беренесине ылайык, кассациялык инстанциядагы сот тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

4. Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү тууралуу кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун тиешелүү соттук коллегиясынын сот актысында көрсөтүлөт.

5. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) берүүнүн өткөрүлүп жиберилген процесстик мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартылган учурда, кассациялык даттануу (сунуштама) ага тиркелген бардык документтер менен бирге арыздануучуга кайрылып берилүүгө тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [247-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-247)  
Кийинки берене: [249-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-249)
