# 247-берене. Кассациялык даттануу (сунуштама) берүүгө укугу бар жактар

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-247>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-247.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 247-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-247

---

1. Ушул Кодекстин 246-беренесинде каралган сот актысына кассациялык даттануу (сунуштама) процесстин катышуучулары, ошондой эле ишке катышууга тартылбаган, бирок сот алардын укуктарына жана милдеттерине карата сот актысын кабыл алган жактар, алардын өкүлдөрү тарабынан берилиши мүмкүн.

2. Прокурор иштер боюнча кассациялык сунуштамаларды, прокурордун арыздары боюнча козголгон же прокурордун катышуусу менен каралган иштер боюнча, ошондой эле сот тарабынан жарандын жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын бузган чечим кабыл алынган учурда берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [246-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-246)  
Кийинки берене: [248-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-248)
