# 242-берене. Жеке даттанууларды (сунуштамаларды) берүүнүн жана кароонун мөөнөттөрү, тартиби

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 242-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-242

---

1. Жеке даттануу (сунуштама) ал кабыл алынган күндөн тартып биринчи инстанциядагы соттун аныктамасына он күндүн ичинде, апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасына бир айдын ичинде берилиши мүмкүн.

2. Жеке даттануу (сунуштама) ушул аныктаманы чыгарган сотко берилет. Жеке даттануу (сунуштама) төмөнкүлөргө даректелет:

1) апелляциялык инстанциядагы сотко - биринчи инстанциядагы соттун аныктамаларына карата;

2) кассациялык инстанциядагы сотко - апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамаларына карата.

3. Жеке даттанууларды (сунуштамаларды) кароо ушул Кодексте сот актыларына апелляциялык жана кассациялык даттануулар үчүн каралган тартипте жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [241-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-241)  
Кийинки берене: [243-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-243)
