# 241-берене. Соттун аныктамаларына даттануу укугу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-241>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-241.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 241-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-241

---

1. Биринчи инстанциядагы соттун жана апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамаларына соттун чечиминен өзүнчө, процесстин катышуучулары тарабынан төмөнкү учурларда даттанылышы мүмкүн:

1) ушул Кодексте каралган;

2) эгерде соттун аныктамасы иштин жылышына тоскоолдук кылган.

2. Соттун калган аныктамаларына жеке даттануулар (сунуштамалар) берилбейт, бирок бул аныктамаларга каршы пикирлер апелляциялык же кассациялык даттанууга (сунуштамага) киргизилиши мүмкүн.

3. Даттанылууга жатпаган биринчи инстанциядагы соттун жана апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасына жеке даттануулар (сунуштамалар) берилген учурда, даттануу (сунуштама) сотко келип түшкөн учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө аныктама чыгарылуу менен, тиешелүүлүгүнө жараша биринчи инстанциядагы соттун судьясы же апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан кайтарылууга жатат. Судьянын (соттун) даттанууну (сунуштаманы) кайтарып берүү жөнүндө аныктамасы даттанылышы мүмкүн.

4. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [240-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-240)  
Кийинки берене: [242-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-242)
