# 24-берене. Билдирилген четтетүүнү чечүүнүн тартиби

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 24-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-24

---

1. Четтетүү билдирилген учурларда сот ишке катышкан жактардын пикирин, эгерде баш тартылган адам түшүндүрмө берүүнү кааласа, ошондой эле четтетүү билдирген адамды угат.

2. Четтетүү тууралуу маселе кеңешүүчү бөлмөдө чыгарылган соттун аныктамасы менен чечилет.

3. Судьяга билдирилген четтетүү же ишти жеке караган судьянын өзүн-өзү четтетүүсү ошол эле судья тарабынан чечилет.

4. Ишти соттун коллегиялуу курамында кароодо бир судьяны четтетүү тууралуу маселе четтетилип жаткан судья катышпастан, калган судьялар тарабынан чечилет. Четтетүү үчүн жана четтетүүгө каршы берилген добуштардын саны тең болуп калганда, судья четтетилди деп эсептелет. Бир нече судьяга же соттун бүтүндөй курамына карата билдирилген четтетүү, ошол эле соттун коллегиялуу курамы тарабынан добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен чечилет.

5. Прокурорду, экспертти, адисти, котормочуну, соттук жыйналыштын катчысын четтетүү тууралуу маселе ишти карап жаткан сот тарабынан чечилет.

6. Эгерде бир эле убакта судьяга, прокурорго, экспертке, адиске, котормочуга же соттук жыйналыштын катчысына четтетүү билдирилсе, биринчи кезекте судьяны четтетүү жөнүндө маселе чечилет.

7. Четтетүү же өзүн-өзү четтетүү тууралуу маселени кароонун натыйжалары боюнча сот тарабынан жүйөлөнгөн аныктама кабыл алынат. Четтетүү же өзүн-өзү четтетүү жөнүндө маселе боюнча аныктама даттанылбайт, бирок далилдер апелляциялык, кассациялык даттанууга киргизилиши мүмкүн. Сот соттук жыйналышта тараптардын макулдугу менен аныктаманын резолюциялык бөлүгүн жарыялаганга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-25)
