# 239-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун чечимин аткаруу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 239-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-239

---

1. Апелляциялык инстанциядагы соттун чечими Жарандык процесстик кодексте жана Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарында белгиленген тартипте аткарылат.

2. Процесстин катышуучусунун өтүнмөсү боюнча апелляциялык инстанциядагы сот ушул Кодекстин 181-беренесинде белгиленген тартипте соттун чечимин аткарууну кийинкиге калтыруу, мөөнөтүн узартуу же аны аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү тууралуу аныктама кабыл алат.

3. Соттун чечимин аткарууну кийинкиге калтыруу, мөөнөтүн узартуу же аны аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү тууралуу соттун аныктамасына кассациялык инстанцияга жеке даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [238-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-238)  
Кийинки берене: [240-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-240)
