# 237-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун кошумча сот актысы

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-237>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-237.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 237-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-237

---

1. Апелляциялык инстанциядагы сот процесстин катышуучусунун өтүнмөсү боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча кошумча сот актысын чыгара алат, эгерде:

1) далилдер берилген жана эгерде иш оозеки териштирүүдө каралганда процесстин катышуучулары түшүндүрмө беришкен иш боюнча талаптардын кайсы-бири боюнча чечим чыгара албай калса;

2) сот тарабынан аткарылышы тийиш болгон иш-аракеттер же доогерге же мамлекетке мамлекеттик алымдын ордун толтуруунун көлөмү аныкталбаса.

2. Кошумча сот актысын чыгаруу жөнүндө маселе чечим жарыя кылынган күндөн тартып отуз күндүк мөөнөттө козголушу мүмкүн.

3. Кошумча сот актысын сот бул тууралуу процесстин катышуучуларын алдын ала кабарлоо менен, маселени соттук жыйналышта карагандан кийин чыгарат. Бул жактардын келбей калуусу кошумча сот актысын чыгаруу жөнүндө маселени чечүүгө карата тоскоолдук болбойт.

4. Кошумча сот актысы ушул главада белгиленген тартипте кабыл алынат, жана аны жарыя кылган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Кошумча сот актысы кассациялык тартипте сот актысы менен бирге даттанылышы мүмкүн. Соттун кошумча сот актысын чыгаруудан баш тартуу тууралуу аныктамасына карата кассациялык инстанцияга жеке даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [236-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-236)  
Кийинки берене: [238-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-238)
