# 234-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун актысы

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-234>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-234.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 234-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-234

---

1. Ишти кароонун натыйжалары боюнча апелляциялык инстанциянын соту чечим же аныктама формасындагы сот актысын чыгарат.

2. Ушул Кодекстин 229-беренесинин 3-пунктунда каралган учурда, апелляциялык инстанциядагы соттун актысы биринчи инстанциядагы соттун чечимин толугу менен же бир бөлүгүндө алмаштырган чечим формасында чыгарылат.

Апелляциялык инстанциядагы соттун чечими Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат.

3. Ушул Кодекстин 229-беренесинин 1, 2, 4,5 жана 6-пункттарында каралган учурларда, апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан аныктама чыгарылат.

4. Апелляциялык инстанциядагы соттун актылары ушул Кодекстин 19-беренесине ылайык кабыл алынат.

5. Апелляциялык инстанциядагы соттун актылары алар чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, бирок кассациялык тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясы тарабынан кайра каралышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [233-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-233)  
Кийинки берене: [235-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-235)
