# 233-берене. Биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууга жана ишти жаңыдан кароого жиберүүгө карата негиз

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-233>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-233.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 233-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-233

---

1. Процесстик укуктун ченемдери олуттуу бузулган учурда, биринчи инстанциядагы соттун чечими жокко чыгарылууга, ал эми иш - жаңыдан кароого жөнөтүлүүгө жатат.

2. Процесстик укуктун ченемдерин олуттуу бузуу болуп саналат, эгерде:

1) иш сот тарабынан мыйзамсыз курамда каралса;

2) соттун чечимине судья кол койбосо же соттун чечиминде көрсөтүлгөн судьядан башка судья кол койсо;

3) иште соттук жыйналыштын протоколу жок болсо;

4) иш сот тарабынан соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылбаган, процесстин катышуучуларынын кимдир-бирөөнүн жогунда каралса, же болбосо буга процесстин катышуучуларынын жазуу жүзүндөгү макулдугу болбогондо, иш оозеки териштирүүнү жүргүзүүсүз каралса;

5) ишти кароодо сот өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан тил жөнүндө эрежелер бузулса;

6) иш ушул Кодексте белгиленген, ушул Кодекстин 15 жана 16-беренелеринде каралган ведомстволук жана сотко караштуулук эрежелерин бузуу менен каралса.

7) соттун чечими менен укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары козголгон жактар тартылбастан иш каралса.

3. (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [232-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-232)  
Кийинки берене: [234-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-234)
