# 231-берене. Соттун чечимин жокко чыгарууга жана жаңы чечим кабыл алууга карата негиздер

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-231.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 231-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-231

---

1. Биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууга жана жаңы чечим кабыл алууга карата төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) иш үчүн мааниси бар жагдайларды толук эмес айкындоо;

2) сот белгиленген деп эсептеген, иш үчүн мааниси бар жагдайлардын далилденбегени;

3) соттун чечимде баяндалган тыянактарынын иштин жагдайларына ылайык келбегени;

4) материалдык укуктун ченемдерин туура эмес колдонуу.

2. Материалдык укуктун ченемдери туура эмес колдонулган деп эсептелет, эгерде сот:

1) колдонулууга тийиш мыйзамды колдонбосо;

2) колдонууга жатпаган мыйзамды колдонсо;

3) мыйзамды туура эмес чечмелесе.

---

Мурунку берене: [230-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-230)  
Кийинки берене: [232-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-232)
