# 23-берене. Четтетүү же өзүн-өзү четтетүү тууралуу арыз

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 23-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-23

---

1. Ушул Кодекстин 20 жана 21-беренелеринде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо судья өзүн-өзү четтеткендигин билдирүүгө милдеттүү.

Ушул Кодекстин 20-беренесинде жана 22-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо прокурор, эксперт, адис, котормочу, соттук жыйналыштын катчысы өзүн-өзү четтеткендигин билдирүүгө милдеттүү. Ушул эле негиздер боюнча процесстин катышуучулары четтетүү билдириши мүмкүн.

2. Четтетүү же өзүн-өзү четтетүү жүйөлөнгөн болууга жана ишти маңызы боюнча кароо башталганга чейин билдирилүүгө тийиш. Ишти маңызы боюнча кароонун жүрүшүндө четтетүү же өзүн-өзү четтетүү жөнүндө арызды кароого четтетүү же өзүн-өзү четтетүүнүн негиздери сотко же четтетүү же өзүн-өзү четтетүү жөнүндө билдирген адамга иш карала башталгандан кийин белгилүү болгон учурларда гана жол берилет.

3. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруудан негизсиз четтетүүгө жол берилбейт.

4. Судьянын четтетүү жөнүндө негизсиз арызы канааттандырылууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-24)
