# 229-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун ыйгарым укуктары

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-229>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-229.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 229-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-229

---

Апелляциялык инстанциядагы сот төмөнкүлөргө укуктуу:

1) биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну (сунуштаманы) - канааттандыруусуз калтырууга;

2) биринчи инстанциядагы соттун чечимин толугу менен же бир бөлүгүндө өзгөртүүгө;

3) биринчи инстанциядагы соттун чечимин толугу менен же анын бир бөлүгүндө жокко чыгарууга жана жаңы чечим чыгарууга;

4) биринчи инстанциядагы соттун чечимин толугу менен же анын бир бөлүгүндө жокко чыгарууга жана иш боюнча өндүрүштү токтотууга, же болбосо арызды кароосуз калтырууга;

5) биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууга жана ишти жаңыдан кароого жөнөтүүгө;

6) эгерде апелляциялык даттануу (сунуштама) апелляциялык инстанциядагы сотко кайрылууга укугу жок жак тарабынан берилсе, апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) маңызы боюнча карабастан калтырууга.

---

Мурунку берене: [228-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-228)  
Кийинки берене: [230-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-230)
