# 226-берене. Ишти апелляциялык инстанцияда кароонун чектери

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 226-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-226

---

1. Ишти апелляциялык тартипте кароодо сот биринчи инстанциядагы соттун чечиминин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн апелляциялык даттануунун (сунуштаманын) чегинде текшерет. Мында апелляциялык инстанция даттануунун (сунуштаманын) укуктук жүйө-далилдери менен байланыштуу эмес.

2. Апелляциялык инстанциядагы сот жаңы фактыларды белгилөөгө жана жаңы далилдерди иликтөөгө, иштин материалдарында болгон далилдерге жаңы баа берүүгө укуктуу. Биринчи инстанциянын соту тарабынан белгиленген жана талашылбаган фактыны апелляциялык инстанциянын соту текшербей коё алат.

3. Апелляциялык инстанциядагы сотто биринчи инстанциянын соту тарабынан каралган талаптар гана каралат, буга байланыштуу доонун предметин өзгөртүүгө, доо талаптарынын өлчөмүн көбөйтүүгө, доонун негиздерин өзгөртүүгө, ошондой эле каршы доо коюуга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [225-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-225)  
Кийинки берене: [227-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-227)
